Кыргыз футболчуларынын
Тажикстанга каршы беттешине келген к
үй
өрмандар
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 250 отургучту сындырып кетишти. Бул тууралуу маалыматты КРнын Футбол федерациясы таратты.
Маалым болгондой, стадиондун 28 секторунда тең отургучтардын сынганы байкалган.
Кошумчалай кетсек, федерация бул беттешке көрүлгөн даярдык алкагында
2 миңге чукул отургуч орнотулуп, жаңыланганын маалымдаган.
"Колдон келишинче күйөрмандарга жакшы шарт түзгөнгө аракет кылганбыз. Жыйынтыгы ушундай чыгып калганы өкүндүрөт. Стадион болгону 3 күндөн кийин Бангладеш курамасын кабыл алат",- деп жазылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, кыргыз футболчуларынын Тажикстанга каршы беттеши 8-октябрда орун алып, 2:2 эсебинде аяктаган. Беттеш комиссарынын эсеби боюнча бул жолу стадионго
17 600 күйөрман келген. Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Кыргыз Республикасынын курама командасы 13-октябрда Бангладешти кабыл алат. Беттешке 19:30да старт берилет.