Чүйдө түрмөдөн 4 адам качып кетти. Аларды кармоодо ЖАМКтын үч кызматкери каза таап, бири оор жаракат алды (аты-жөнү, фото)

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 4 кылмышкер качып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Жаза-аткаруу кызматынын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 9 адам абактан качууга аракет жасап, бирок алардын бешөө кармалды. "Аларды токтотуп жатканда ЖАМКтын үч кызматкери каза таап, дагы бири оор жаракат алган. Ал эми качып кеткендердин бирине ок тийген. Учурда тиешелүү күч түзүмдөрү аларды кармоо боюнча операция жүргүзүшүүдө",- деп билдирет мекеме.

Абактан качып, учурда эркиндикте жүргөндөрдүн тизмеси:

Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич 1977-жылы Ош шаарында туулган. Улуту - кыргыз, буга чейин соттолгон. Бою 170-175 сантиметр. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Абдрахманов Эдил Алимжанович 1986-жылы Чүй облусунун Көк-Жар айылында туулган. Улуту -кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 160-165 сантиметр, көзү кара, чачы кара. Бир көзү жабыркаган. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Мусуралиев Азамат Мамасеитович 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес, үйлөнгөн. Бою 170-175 сантиметр. Дене түзүлүшү арык, көзү кара, чачы кара. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Кадыралиев Данияр Кылычбекович 1976-жылы Жумгал районунун Миң-Куш айылында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 170-175 сантиметр. Көзү кара, чачы кара.

Эгер бул адамдар жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, ЖАМКка жана ИИМге төмөнкү телефон номурлары аркылуу кайрылыңыз:

ЖАМКтын нөөмөт бөлүмү – 68-05-37

ЖАМКтын ишеним телефону – 43-11-77

ИИМдин нөөмөт бөлүмү - 66-23-31 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (46)
nurchik05
2015-10-12 10:55:32
Этият болгула байкап жургуло
+3
bayana1987
2015-10-12 11:13:01
Түрмөдө диндин өкүмдөрү көбүрөөк өөрчүгөн деген чын тура. Мына жыйынтыгы. Эми булар адамдарга зыяны тийбесе эле болду. Коопсуздук кызматкерлери буларды да кармашат болуш керек. Мындай окуялар болуп эле келе жатпайбы?
+2
bolotbek91
2015-10-12 11:13:31
Кармаш керек кайра камаш керек ЖАМКнын кызматкерлерин олтурушуптурго
Аларды кармабаса Сирия жакка кетиши мумкун
+2
AshatMJ89
2015-10-12 11:25:06
Булар откондо террорист деп Бишкекте кармалгандар. Чын эле ошондой окшойт...
+2
mira28
2015-10-12 11:36:14
Динди бурмалап бетине жабынышып кылмыш жасагандар кобойду .Сакалы жок бет чуркогон жоолугу жок динин дилин таза кудай астында куноо кылбай 5маал намаз окусан ошол да кудайдын мусурманы болуп саналат.Чон ата чон энелерибиз ошентип эле намаз окуп оозунан кудайды тушурбой келген.Бул менин жекече оюм.Жардыруу жасайбыз дегендер да ушулар сыяктуу динди бетине чуркогондор болуп чыкты.
+4
SMS Aroma
2015-10-12 11:49:05
Гема сиз алаеы тааныйсызбы?
0
Asan-aka
2015-10-12 12:08:56
тустору кантет раны суук
+1
aya88
2015-10-12 12:19:10
3 Адамды олтурдунор Эми алланын алдында жооп бергиле.
+1
saltanat.
2015-10-12 13:55:57
Кебетелери кантет өляяя
0
Minhi
2015-10-12 13:57:51
ХХХ ХХХ ХХХ... буларды
0
Ago
2015-10-12 14:07:14
Алтынбек Итибаев Санжар Кадыралиевди олтурду деген шек менен камака алынган.
0
timarama91
2015-10-12 14:12:46
Э кудай ай моджахед же джихадистке окшош го. Кармап туруп ХХХ ХХХ да мейли дегин келет го
0
admin_portal
2015-10-12 14:24:47
timarama91, Minhi - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
ulanium90
2015-10-12 14:47:55
jigit.85. Баатырларча курман болгон 3 кызматкерди окуп туруп ушул создорду кантип жаздын
+1
nur1996
2015-10-12 15:36:35
Булар эмне 10 кун мурда камалышты беле же болбосо качып кетишет экен деп 10 кун мурда суротко алып коюушту беле суроттун датасын карасанар ушунусуна тушунбой калдым!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан