Тажикстанга алгачкы голду киргизген футболчу Бактияр Дүйшөбеков Бангладешке каршы оюнга чыкпайт

Бүгүн, 13-октябрда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз футболчулары Бангладешке каршы турушат. Бул беттешке негизги оюнчулардын бири, Тажикстан менен оюнда алгачкы голду киргизген Бактияр Дүйшөбеков чыкпайт. Себеби Бактияр тажик футболчуларына каршы оюнда мелдештеги экинчи сары айып кагазын алган (алгачкысын ал Австралияга каршы оюнда алган). Ушундан улам дисциплинардык кеңешмеде анын жаза катары 1 оюн ойнобоосу каралган. 

Кошумчалай кетсек, эки ирет айып кагазын алган Валерий Кичин Тажикстанга каршы беттеште майданга чыккан эмес. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Maks1
2015-10-13 09:32:03
Ийгилик каалайм. Кыргызстан алгаааа
+3
briliant87
2015-10-13 09:47:57
Кыргызстан алгаааа..!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан