Кыргыз футболчулары алгачкы жолу Бишкекте 3 упай алышты. Бангладеш менен болгон оюнда футболчуларыбыз 2:0 эсебинде жеңишке жетишишти. Голдорду Виталий Люкс (28-мүнөттө) жана Ильдар Амиров киргизди.
Кошумчалай кетсек, кыргыз футболчулары мелдеште жалпысынан 5 оюнда 8 упай топтошту. 8 упайдын төртүн футболчуларыбыз конокто алышса (Бангладешти утуп 3 упай, Иордания менен тең ойноп 1 упай алышкан), Бишкекте 4 упай топтошту (Тажикстан менен тең ойноп 1 упай, Бангладешти утуп 3 упай). Ошондой эле улуттук курам Бишкекте Австралияга утулуп, 3 упайдан куру калган.
Бүгүн тандоо турунун алкагында, мелдеш жобосуна ылайык, Австралия курамасына эс алуу берилди. Ал эми Тажикстан курамасы менен Иордания курамасы ушул күнү ойнойт. Бул оюнду эсепке албаганда, мелдеш жадыбалындагы абал төмөнкүчө:
*