Чүй облустук төрөт үйүндө көз жарган үч эмдин энеси өкмөттөн үй сурады

КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Чүй облустук төрөт үйүндө болуп, үч эмди жарыкка алып келген тубаса ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген эне Жылдыз Казиевадан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ымыркайлар маалына жетпей төрөлгөндүгүнө байланыштуу алар атайын түтүкчөнүн жардамы менен дарыланышууда. Бүгүн, 15-октябрда кыздарды энеси менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которуу пландалууда.

28 жаштагы Ж.Казиева вице-премьер-министр менен сүйлөшүү учурунда жашоо-турмушу жөнүндө айтып, өкмөттөн жардам сурады. Жолдошунун туруктуу жумушу жоктугун, батирди ижарага алып турушарын айткан эне Токмок шаарынан үй берүүнү суранды. Ж.Казиеванын 2,5 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан