Соттун алдында "Республика - Ата Журттун" талапкерлери чырдаша кетишти

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 18-октябрда "Республика - Ата Журт" партиясынын бир катар талапкерлеринин тизмеден чыгарылышы боюнча маселени кароодо. Имараттын сыртында 100дөй адам соттун чечимин күтүп жатат. 
Сотко арыз менен кайрылгандардын бири Жогорку Кеңештин экс-депутаты, "Республика - Ата Журт" партиясынын талапкери Кантемир Мурзабеков сыртка чыкканда чогулгандар менен жолугушту. Сүйлөшүү учурунда ал партиялашы Мирлан Жээнчороев менен чырдаша кетти. К.Мурзабековдун айтымында, аны партиянын тизмесинен мыйзамсыз чыгарып салышты. Ал эми Жээнчороев шайлоонун алдында партиянын бардык талапкерлери эгер өз аймагында керектүү көлөмдө добуш топтой албаса, тизмеден өз арызы менен чыгары тууралуу ант беришкенин айтууда. Мурзабеков "мен андай ант берген эмесмин" деп жооп берди. 
Эскерте кетсек, жакында аталган партиянын 15тей талапкери тизмеден мыйзамсыз чыгарылганын айтып, БШКнын алдына митингге чыгышкан. Алар тизмеден өздөрүнүн макулдугусуз жана негизсиз чыгарылганын айтып жатышат. Ал эми партия лидерлери талапкерлер жетиштүү добуш ала албай калышканы үчүн тизмеден чыгарылганын билдирүүдө. 
"Республика - Ата Журттун" талапкерлеринин ортосунда чыр чыкты (18-октябрь)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан