№38-мектептин окуучулары менен спорттук мектептин тарбиялануучуларынын чыры өкмөттө талкууланат

Бишкекте №38-мектептин окуучулары жана спорттук мектептин тарбиялануучуларынын чыры өкмөттө талкууланат. Бул тууралуу 20-октябрда Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова билдирди.
"Жаңжал боюнча өкмөт башчыга маалымат берилди. Мындай окуялардын болушуна чекит коюу керек. Спорт мектебинин окутуучуларына чара көрүлүшү мүмкүн. Ушул маселе өкмөттө талкууланат. Азырынча чырдын келип чыгуу себеби аныктала элек",- деди А.Рыскулова.
Айта кетсек жаңжал Бишкекте Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын тарбиялануучуларынын жана №38-мектептин окуучуларынын ортосунда чыккан. Окуя боюнча "бейбаштык", "мамлекеттик мүлккө зыян келтирүү" беренелери менен кылмыш иши козголду. Азыркы тапта 47 бала "катыштыгы бар" деп кармалып, сурак берип жатышат.
№38-мектепке бастырып кирген окуучулардын 47си кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан