Бүгүн, 20-октябрда Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын тарбиялануучулары №38-мектептин окуучуларын сабаганы катуу талкуу жаратты. Бүгүн өкмөт башчы Темир Сариев баштаган жыйында ушул маселе каралып, тиешелүү чаралар көрүлүшү керектиги айтылды. Жыйынга КРнын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева, Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов жана Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Шейшенкул Бакиров катышты.
Билим берүү министрлигинен кабарлашкандай, бул окуяга байланыштуу спорт мектебинин ишмердүүлүгүн 9-ноябрга чейин токтотуу боюнча чечим чыкты. Эми министрлик жана спорт агенттиги окуу жайды жалпы текшерүүдөн өткөрүп чыгат. Аталган окуу жай Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин карамагында.
Кошумчалай кетсек, окуя бүгүн эртең менен катталган. Аталган окуу жайдын тарбиялануучулары менен №38-мектептин окуучуларынын ортосунда жаңжал чыккан. Жыйынтыгында спорт мектебинин 30 чакты тарбиялануучулары №38-мектептин айнектерин арматуралар менен сындырып, андан соң 5 окуучуну токмоктошкон.