№50-абактан качып баратканда кармалгандардын үчүнчүсү түрмөдө каза болду

№50-абактан качып баратканда кармалгандардын үчүнчүсү Муратбек Жумалиев бүгүн, 21-октябрда түрмөдө каза болду. Анын эмне себептен өлгөнү боюнча азырынча так маалымат жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Абактан качып баратканда кармалган Таалайбек Жуманов жүрөк оорусунан улам кечээ каза болгон эле. Бүгүн эртең менен Бакыт Кенжегулов каза болгону маалымдалган.

Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн. Кылмышкерлер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп чыгып кетишкен.

Жумалиев Муратбек Чыныбекович Чүй облусунун Токмок шаарында 1982-жылдын 4-мартында туулган. Улуту - кыргыз. Билими - орто. 2012-жылдын 15-майында Токмок шаардык соту "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде М.Жумалиевди күнөөлүү деп тапкан. Бул соттук чечимге ылайык, Жумалиев мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Жазанын мөөнөтү 2009-жылдын 3-июлунда башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (74)
Aaly
2015-10-21 16:57:12
Ал эми соттоло электерге буларга өз алдынча сот болууга ким укук берди? Бизге чындык керек. Демейде ар бир кырдаалга жооп айта калган ӨКМӨТ башчыбыз кана? Эмнеге ал үн катпайт!
Түрмөнүн башчысы эле кызматтан алып, ордуна башканы коюп, проблеманы чечимиш болуп отурушат. Бизде кандай проблема болбосун, калп эле кызматынан бошотуп гана кутулушат!
+4
realliver
2015-10-21 17:00:01
Ойнеен, бая куну булар тиги учоону олтуруп кеткенде, "ой ошол жетимдердин убалы уктатпасын, бийлик буларды не багып жатат. Атуугале кетиришпейби" деп жатпадынар беле? Нака п....ц экенсинер! Менин жанымда канча жылдан бери иштеп жургон немени бироо олтуруп кетсе, мен дагы олоорчо тепкилемекмин!
+2
aytkulova
2015-10-21 20:05:10
realliver, менин дагы жаным чыгып кетип атат кылмышкерлерди актагандарды коруп. Менин оюм озгоргон жок и озгорбойт, алар жазасын алышты и алып жатышат.
0
Aaly
2015-10-21 17:01:59
Токтайым Үмөталиева айтып жатат, свет өчкөнгө чейин эле камералардын эшигин ачып коюп баарын качууга жол ачкан деп. Бул алдын ала уюшулган иш деген пикирлерге мен да кошулам. Минтип камалгандар катарынан тынчытып жатышат, алдын ала уюштурушса ошол эле каза болгон №50-абактын кызматкерлерин өздөрү эле, кылмышкерлер эмес өздөрү иш жашыруу максатында өздөрү өлтүрүшкөн деген ой жаралбай койбойт. Бул иш изилдениш керек!
+6
ufc123456
2015-10-21 17:02:14
Internette melis turganbaevdin aitkan sozu bar eger kylmywker kachkan bolso karwylyk korsotso eskertuusuz atyp salgyla men ozum joop berem degeni bar akyrky bew jyldyn ichinde kanchalagan kyzmat kerler olup ketiwti zonadan kachkandardy karmaibyz dep jyl saiyn kachyp chygyp jarandardy kyzmat kerlerdi olturup atat alarga boorunar oorubaitta kylmyw kerler olso kaigyryp baikuwtar deisiner
+1
Aaly
2015-10-21 17:04:07
Мындай башаламан өлкөдө жашоодон коркуудабыз. Мыйзам иштебеген, ар ким өз каалаган кылмышты кылып артын каалагандай коомду дүрбөлөӊгө салыыып алып, шашпай чай ичип отурган ЖОГОРКУ АДАМДАР жерди деле карап койгула!!! Бизде жерге түшүп калуу оӊой эле го, билесиӊер!
+8
Aaly
2015-10-21 17:08:45
Токтайым Үмөталиева айтып жатат булардын алдын ала даярдап, башка жакка которобуз деп сүрөткө тартып алышканын. Буга конкретүү даярдык болгон, ошол план менен ошол схема менен күч органдагыларыбыз, иштемиш этип тимеле тоону тоӊкорушкандай кармап жатышат. Бул менен кылмышкерди жактоо актоо эмес, биздин күч түзүмдөр мыйзам менен эмес, ошол кылмышкерлерден айырмасы жок кыймыл аракет менен иш алып барганына жиним келип жатат!
+7
jass00
2015-10-21 17:24:53
ошондо турмодо 3кылмышкер олду,кочодо2кылмышкерди атты,баары биригип 5кылмышкер олдубу ошондо.
+2
maks83
2015-10-21 19:49:18
мына айткандай эле дагы бироо олду эми экоо тен олот
0
powar
2015-10-21 19:51:43
Жакшы эле адам корунод,ушуга омур бою жаза бериптирби?Турмону,сотту ондобосо болбойт,кыргыздар тупизмский чечим берет,эмне болсон ошо бол дегендей.
0
aytkulova
2015-10-21 20:07:52
powar, сырткы келбетинен жакшы же жаман экенин эч качан билбейсин. Ыраны суук адамдар гана адам олтурбойт да.
+1
suhrab.kg
2015-10-21 21:49:51
Миллиондук мелдеш кинодо эмес жашоодо болду ким ишенет ушуга?
+1
aslan_akjol89
2015-10-21 22:49:50
эмнеси болсо дагы эми турмодогулорду качасынбы десе жоооооок деи турган болуп калды.))

негизинен мага алардын олгону орусча аитканда не холодно не жарко.алар оздоруно ошол жолду оздорунун кылган иштери менен тандаа алышкан.жок жерден куноо тагылып камалса,анда анын куноосун сот моюнуна жуктолот акыретте.
+1
aytkulova
2015-10-22 16:40:18
Жумалиев Муратбек Чыныбекович, родился 4
марта 1982 года, уроженец города Токмок,
кыргыз, образование среднее.
15 мая 2012 года приговорен Токмокским
городским судом по ст. 97 ч.2 п.1,3,6,13.15
(«Убийство») УК КР к пожизненному лишению
свободы с отбыванием в колонии особого
режима с конфискацией имущества. Начало
срока наказания – 3 июля 2009 года.
11 марта 2009 года в Токмоке в доме по
улице Циолковского найдены тела четырех
чело
0
aytkulova
2015-10-22 16:41:52
человек: 52-летней Жыпаргуль Сыргабаевой, ее
внучек 14-летней Алины и 9-летней Чинары и
42-летней Майрамкуль Усубалиевой (сестра
Сыргабаевой).
По подозрению в убийстве задержаны близкий
родственник убитых – дважды судимый
Чолпонбай Эсеналиев и его знакомый
Муратбек Жумалиев.
0
aytkulova
2015-10-22 16:43:08
Согласно материалов следствия, они решили
ограбить Жыпаргуль Сыргабаеву, так как у
Эсеналиева были неприязненные отношения с
ними, и у обоих были материальные
трудности. Жумалиев и Эсеналиев ночью
пробрались в дом, где и совершили убийство
всех, кто там был. Убивали с особой
жестокостью – на телах жертв насчитают
десятки ножевых ранений.
Убийцы забрали несколько сотовых
телефонов, цифровой фотоаппарат, золотые
украшения, 20 тысяч
0
aytkulova
2015-10-22 16:43:56
20 тысяч сомов и 3 тысячи
долларов.
Оба задержаны через несколько дней.
Судом Чолпонбек Эсеналиев и Муратбек
Жумалиев признаны виновным по всем
статьям обвинения и приговорены по
совокупности к пожизненному лишению
свободы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан