Жогорку Сот бүгүн, 22-октябрда "Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиясынын арызын карап, канааттандырган жок. Райондук соттун чечими күчүндө калды. Аталган партия парламенттик шайлоодон кийин добуштарды электрондук жана кол менен эсептөөдө ири айырма чыгып жатканын айтып, Ош облусундагы бир катар шайлоо участкаларын мисал келтирген. БШК бир катар участкаларда кайрадан саноо жүргүзүлүп, добуштардын саны бирдей чыкканын жарыялады. Партия күмөн жараткан участкалардын баарында добуштарды кайра саноону талап кылып келген.
Эскерте кетсек, парламенттик шайлоодо 6 партия жеңишке жетишкен.