№50-абактан качып, издөөдө жүргөн Эдил Абдрахманов Чүй облусунун Аламүдүн районундагы айылдардын биринде кармоо учурунда бутунан жарадар болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда SUPER.KG күч түзүмдөрүндөгү өздүк булагыбыз маалымдады.
Анын айтымында, кармоо саат 13:40 чамасында орун алды. Кармоо учурунда Абдрахманов каршылык көрсөткөн. Ага карата ок чыгарылып, Абдрахманов бутунан жарадар болгон.
Айта кетсек, Абдрахманов Эдил Алимжанович 1986-жылдын 25-февралында Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында туулган, улуту - кыргыз, билими - орто.
Учурда абактан качкандардан издөөдө Алтынбек Итибаев калды.