Кармоо учурунда Эдил Абдрахмановдун бутуна ок чыгарылды

№50-абактан качып, издөөдө жүргөн Эдил Абдрахманов Чүй облусунун Аламүдүн районундагы айылдардын биринде кармоо учурунда бутунан жарадар болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда SUPER.KG күч түзүмдөрүндөгү өздүк булагыбыз маалымдады.

Анын айтымында, кармоо саат 13:40 чамасында орун алды. Кармоо учурунда Абдрахманов каршылык көрсөткөн. Ага карата ок чыгарылып, Абдрахманов бутунан жарадар болгон.

Айта кетсек, Абдрахманов Эдил Алимжанович 1986-жылдын 25-февралында Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында туулган, улуту - кыргыз, билими - орто.

Учурда абактан качкандардан издөөдө Алтынбек Итибаев калды.

Кармоо учурунда кылмышкер Абдрахманов бир нече суроого жооп берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (42)
yrchy_jigit
2015-10-22 16:28:13
Бычак которгондорду да бутко,колго атса жон эле тируу калышмак,бирок тируу калтырганга бийлик кызыкдар эмес.
Эмне учун пистолети бар ушул тируу калат?Бычак пистолеттен да коркунучтуубу?Эмне учун именно ушуну бутко атышат?Просто элди дурболонго салбайлы дегендей корунот...
+2
sabyr86
2015-10-22 16:36:46
Бакшыланып эле күйгүздүңөр го.
+2
kutya
2015-10-22 16:43:11
Саламатсыңбы Нургазы! Оперативдүү маалыматың үчүн рахмат! Болгону, "бутуна ок чыгарылды", "жарадар болуп кулап кеткен" деген жерлерди өзгөртүп жазса кандай болоор экен? Орусчадан түз которулган сыяктуу болуп калыптыр. Ишиңе ийгиликтерди каалайм!
0
baku0306
2015-10-22 16:45:15
Олум жазасын киргизиш керек болчу. Эмне кобойуп баратат? Мыкаачылык менен киши олтуруу, бейкуноо наристелерди зордуктоо кобойуп баратат.Бир-экоону олумго тартса башкаларга сабак болмок. Кылмышка бараардан мурда ойлонушмак.
0
Umnitsa
2015-10-22 17:06:13
олтуруп эле салбаптыр..
0
Lili
2015-10-22 17:09:24
Адамдар качкындарды "байкуш" дей баштаптыр го, бей куноо олгон 4 киши байкуш эмеспи?!жесир, жетим калган байкуш эмеспи?! Итке иттей олум болуптур булар, жаш балдарын алып келип ыйлатып, публикага оюн корсотуп кереги барбы?!
Дагы бирого зыяны тиймек, же бир уй булоого деп жазышыптыр, ошол сен болуп калсан же сенин жакынын болуп калса не кылмаксын?
+4
N.mira
2015-10-22 17:10:08
Буларды олтуруп эле кутулушпаса болбойт.ато дагы качышат турмодон.тусунон эле террорист экени корунуп турат го укмуш болуп.мыйзамды катуулатыш керек.жазасын алышсын же нары жок болсун.элдин уройун учурбай
+1
orozova
2015-10-22 17:15:03
Чындык эч качан айтылбайт.Балким ортодо бир оюн болушу мумкун чындыкты айта турганын олтуруп салды.
-3
aytkulova
2015-10-22 17:28:06
Чындыкты эмне кыласынар? Билген менен деле уже кеч, олгон адамдар тирилип келбейт.
0
aiwa1990
2015-10-22 17:48:38
Ой ушу адамдар кызык элебиз. Баягуну качып чыккан убагында шумшук,зоокур деп жаттык эле, эми байкуш деп жатабыз. Ар кимдин созуно кирип алдана беребиз. Бир АЛЛАХым коруп турат. Куноолуулордун жазасын берсин!
+2
Dadasdasd
2015-10-22 18:12:55
Аран качын журуп желекти башына урмак беле.
0
bulak
2015-10-22 18:23:44
Милициялар элдин буйругун уга турган закон болгондо башы айланып олмок экен. Биз: "ат! олтур! тирилт!чурка! эмне чуркап кетип жатасын, токто!" дей берсек. Жакшы да андай эмес.
+2
Sake80
2015-10-22 19:27:25
Бул мурда кармалганда 2 участковойду олтуруп кармалган.Андан башка канча кишини ыйлатты кудай билет.Аларды олтургондо ойлондубу ушу кармалган бала балдары жетим калып атат деп.Озуно озу кылды ал жон журсо эч ким тиймек эмесда
+1
Nurtilek001
2015-10-22 19:34:44
Озу качып журсо желек которуп алмак беле бул жагы окшошпой калыптыр.
+1
edu.kg.
2015-10-22 19:50:45
Тиги атылып олтурулгондорду деле бутка атып кармашса болбой беле дейм да? Бутуна атып жыгытышканын кечеги ызычуудан улам ошентиштиби дейм да. Баарибир бир сыр бар булар чыныгы терористер экенине эч ким ишенбейт кандайдыр бир ойун уйуштурулган сыяктуу. Кармалгандарды башына доо кетти деп олтуруп салышты,чыныгы жан кечтилер болсо эмдигичен бир топ адамдын жанын бирге ала кетишти эле. Булар оз жандарын арачалап качып журуштуго кимдир бироолордон.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан