Оштун "Алай" футболдук клубу бүгүн мөөнөтүнөн мурун өлкө чемпиону аталды (мелдеш жадыбалы)

Бүгүн, 25-октябрда Ош шаарында футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги туру болуп өттү. Бул күнү А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо "Алай" футболдук клубу нарындык "Ала-Тоону" кабыл алды. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, анда 3:2 эсеби катталып, "алайлыктар" жеңишке жетишти. 

Буга чейин чемпиондуктагы башкы атаандашы "Дордойдон" 8 упай ашып кеткен "Алайдын" бул оюнда жеңишке жетишсе, чемпион болору күтүлгөн. Жыйынтыгында Ильяз Алимовдун 2 голу жана Алиа Силланын 1 голу чемпиондук беттеште жеңиш алып келди. 

Муну менен "Алай" өз тарыхында 2-ирет өлкө чемпиону аталды. Буга чейин клуб 2013-жылы чемпиондукту камсыздаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Myrzake
2015-10-25 19:37:36
Алты эле команда болсо кандай 19 оюн болот тушунбодум.Билгендер болсо тушундуруп койгулачы.
+2
Максат Кудайбердиев
2015-10-25 19:48:28
Myrzake,,бардык командалар өз ара 4 жолудан ойноп чыгышат. Жыйынтыгында 1 команда сезондо 20 оюн ойнойт.
+3
Aster8710t
2015-10-25 21:38:53
Азаматтар, алай период!!!!
+3
samat9595
2015-10-26 01:24:01
АЛАЙ алга дайым биз силер менен
+1
EdikoKG
2015-10-26 04:30:42
Алай алга!!!
+2
RASTAMAN
2015-10-26 11:26:46
We are the champions, my friends,
And we'll keep on fighting 'til the end.
We are the champions.
We are the champions.
No time for losers
'Cause we are the champions of the world.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан