Алмазбек Атамбаев Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушту

Бүгүн, 26-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушту.

Мамлекет башчы Синдзо Абэни Япониянын премьер-министри болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады. "Маалымат агенттиктеринин бирине берген маегиңизде кыргыз өлкөсүнө болгон иш сапарыңыз эки  өлкөнүн ортосундагы мамиледе өзгөчө өзгөртүүлөрдү киргизүүчү учур болуп калат деген экенсиз. Мен да биздин жолугушуубуз жемиштүү болот деп үмүт кылам. Эки жыл мурун бизди Японияда жылуу кабыл алганыңызга ыраазычылык билдирем. Ал жактан сакураны алып келип отургузган элек. Бишкекте сакуранын өсүп кетиши жакшы жөрөлгө деп ойлойм",- деди.

Өз кезегинде Синдзо Абэ өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктап өттү. Кыргыз жерине япон ишкерлери келишкенин белгилеп, алардын катышуусундагы бизнес-форумда буга чейин каралган көйгөйлөр андан да жогорку деңгээлде талкууга алынарына ишенерин айтты.

 

Атамбаев Синдзо Абэ менен жолугушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан