Бүгүн, 26-октябрда Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ иш сапары менен кыргыз өлкөсүнө келди. Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда эки өлкө ортосундагы 9 документке кол коюлду.
Анын ичинде Япония менен Кыргыз Республикасынын тилектештиги жана өнөктөштүгү боюнча бирдиктүү билдирүү, эки өлкөнүн өкмөттөрү аралык эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу боюнча нота алмашуу, кыргыз өкмөтү менен Эл аралык кызматташтык боюнча Япониядагы агенттиктин ортосунда эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртууга гранттык макулдашуу, кыргыз жана япон мамлекеттеринин өкмөттөрү аралык "Манас" аэропортунун жабдууларын жакшыртуу боюнча нота алмашуу, чакан жана орто ишкердик үчүн Япония өкмөтү тарабынан товар берүү, эки өлкө ортосундагы кылмыштуу кирешелерди жана террорчулукту каржылоону жоюу боюнча биргелешип иштешүү, "Айыл банк" жана КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "IHI Star" корпорациясынын ортосундагы меморандум бар.