2 мелдеште чемпиондуктан куру калган “Дордой” футболдук клубу сербиялык машыктыруучусу менен коштошту

Кечээ, 26-октябрда бишкектик “Дордой” футболдук клубу менен сербиялык машыктыруучу Завиша Милосавльевич кызматташууну токтотту. Мунун себеби “Дордойдун” өлкө чемпиондугунда 2-орунду ээлеп, Кыргыз Республикасынын Кубогунда жарым финалда утулуп калуусу менен байланыштуу. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактарыбыз кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сербиялык адис оюнчулар менен 26-октябрда клубдун базасында коштошкон.

Кошумчалай кетсек, З.Милосавльевич “Дордойго” 2014-жылы келген. Алгачкы сезонунда эле ал Суперкубокту, өлкө чемпиондугун жана Кыргыз Республикасынын Кубогун утуп алган. 2015-жыл машыктыруучу үчүн ийгиликтүү боло берген жок. “Дордой” АФКнын Кубогунун тандоо турунда түркмөнстандык “Ахалга” утулуп калган.

Кошумчалай кетсек, ТОП-Лига кезектеги 2 тур менен аяктайт. Анда “Дордой” “Абдыш-Ата” жана “Ала-Тоо” клубдары менен ойнойт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aster8710t
2015-10-27 14:28:18
Канчага контракт тузгон экен эле негизи?
0
aybekerlan
2015-10-27 15:22:33
Айлыгы канча АКШ доллары болчу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан