16 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн улуттук курамабыз 2016-жылы Индияда өтө турган Азия чемпиондугуна бармай болду. Мындай чечим тайпада 2-орунду ээлеп, жолдомо алган Непалдын жаш куракка байланыштуу эрежени бузганынан улам кабыл алынган. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Кошумчалай кетсек, Бишкекте сентябрда өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туру орун алган. Анда өспүрүм курактагы футболчуларыбыз Оман, Непал жана Иордания курамалары менен беттешип, тайпада 3-орунду ээлеп калган. Анда команда 2016-жылы Индияда өтө турган өспүрүмдөрдүн Азия чемпиондугуна мелдешке жолдомо албай калганын жазганбыз. Эми Непалдын бардык оюндары жокко чыгарылып, калган 3 команданын упайлары эсептелинген.
Непал катышкан оюндарды эсепке албаганда, тайпада төмөнкүдөй жыйынтык катталган:
ОРУН |
КОМАНДА |
ОЮН |
УПАЙ |
1 |
Кыргыз Республикасы |
2 |
3 |
2 |
Оман |
2 |
3 |
3 |
Иордания |
2 |
3 |
4 |
Непал |
0 |
0 |
Тайпадагы бардык оюндардын жыйынтыгы:
1-тур. 16-сентябрь.
Непал - Иордания - 3:1 (Фоторепортаж)
Оман - Кыргыз Республикасы 2:0 (Фоторепортаж)
2-тур. 18-сентябрь.
Иордания - Оман - 2:0 (Фоторепортаж)
Кыргыз Республикасы - Непал - 2:4 (Фоторепортаж)
3-тур. 20-сентябрь.
Оман - Непал - 3:1 (Фоторепортаж)
Кыргыз Республикасы - Иордания - 4:1 (Фоторепортаж)