Футбол боюнча өлкө чемпиондугунун акыркы беттешинде "Ала-Тоо" клубу "Кейжи Юнайтедди" 2:1 эсебинде утту (фоторепортаж)

"Кейжи Юнайтед" - "Ала-Тоо" - 1:2

Голдор: Ражапов (70-мүнөттө) - Ырысбек уулу (12-мүнөттө), Сагынбаев (78-мүнөттө)

Бүгүн, 3-ноябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын 2015-жылкы сезону жыйынтыкталды. Бул күнү мелдеш жадыбалында эң акыркы 2 орунду ээлеп турган "Ала-Тоо" жана "Кейжи Юнайтед" командалары өз ара ойношту. Жыйынтыгында 2:1 эсебинде "ала-тоолуктар" жеңишке жетишти.

Кошумчалай кетсек, быйыл өлкө чемпиондугунда "Алай" командасы мөөнөтүнөн мурун чемпион аталган. 2-орунду "Дордой" командасы ээлесе, 3-орунду "Абдыш-Ата" клубу багындырды.

Мелдеш жадыбалы:

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
adjo_krsu
2015-11-03 23:37:04
KG United 1-лигага кетсе, ордуна 1-лигадан 5 башка команда кошулса жакшы болмок. 10 команда болсо, кызыктуу оюндар болмок. Биз озубуздун кучтуу командабыз болушун жана азия чемпиондор лигасында ойношун каалайбыз. 6 команда, 1 сезондо 4 жолу кайра-кайра ойноп оздору деле жадаган чыгаар. Чондор футболго кызыкпайбы деп ойлоп калам кээде. Бирок Аскар Салымбеков агабызга чооон рахмат, ал киши гана футболдун келечегине куйуп-бышып келет...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан