Футбол боюнча улуттук курама Австралияга жетип, алгачкы машыгуусун өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, футболчуларыбыз кенгурулар өлкөсүнө Бириккен Араб Эмираттары аркылуу учушту. Бул өлкөдө да футболчуларыбыз машыгуудан өтүштү (сүрөттөр ушул машыгууга тиешелүү).
Кошумчалай кетсек, Австралия курамасы менен кыргыз футболчуларынын ортосундагы беттеш 12-ноябрда Канберра шаарында орун алат. "GIO Stadium" стадионунда орун алчу беттешке 15:00дө (Бишкек сааты боюнча) старт берилет.