Чүйдөгү №50-СИЗОнун мурунку башчысы Иманкул Телтаев каза тапты. Муну SUPER.KG порталына бүгүн, 20-ноябрда укук коргоо органдарындагы жеке булактарыбыз кабарлады. Телтаев СИЗОдо жаткан жеринен бүгүн түнү көз жумду. Себеби азырынча белгисиз. "Муну кыйнап өлтүрүшү мүмкүн. Эми жүрөгү кармап каза болду же асынып өлдү деп коюшат",- дейт өздүк булак.
Маалыматты аталган мекеменин нөөмөт бөлүмүнөн да ырасташты, бирок кененирээк маалымат берүүдөн баш тартышты.
Буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын буйругу менен "коом үчүн коркунучтуу кылмышкерлердин түрмөдөн качуусуна жеткирген олуттуу каталарды кетиргени үчүн" деп №50-СИЗОнун бир топ жетекчилери ээлеген кызматтарынан бошотулган.
Он күн мурун Иманкул Телтаев СИЗОго камакка алынган.