Футболчу Криштиану Роналду "Реалдын" жетекчилигине: "Же мен кетем, же машыктыруучу Рафаэль Бенитес кетсин!"

Испания чемпиондугунун 12-турунда мадриддик "Реал" өз үйүндө каталондук "Барселонага" 0:4 эсебинде утулуп калды. Бул оюндан кийин "Барса" атаандашынан 6 упай алдыга озуп кетти. Учурда бул оюн боюнча түрдүү пикирлер айтылууда. Айрымдар жеңилүүнүн башкы себеби катары "Реалдын" оюнчуларынын оюнга тиешелүү маанайда чыкпаганын айтса, көпчүлүк башкы машыктыруучу Рафаэль Бенитести күнөөлүү деп эсептеп жатат.

Ал ортодо чет элдик маалымат булактары Криштиану Роналдунун дагы жеңилүүгө Рафаэль Бенитестин себепкер экенин айтканын жазып чыгышты. Андагы маалыматка таянсак, Роналду беттештен кийин "Реалдын" президенти Флорентино Перес менен жолугуп, машыктыруучуну жумуштан кетирүүнү талап кылган. Роналду "Же мен клубдан кетем, же Бенитес кетсин!" деген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
s5kgbal
2015-11-22 18:09:52
коргоочулардан ката кетти!!бените. пелести кетириш керек кроосту дагы!!
0
Melis2014
2015-11-22 18:35:57
айыб менде болуп калды жакшы коргоно албай кечиресинер деген ойдомун
0
poping.dance
2015-11-22 18:52:50
эркекче суйлоптур
0
312-banda
2015-11-22 22:29:15
Экон тен эле кеткиле
0
Battu
2015-11-22 22:37:11
Роналдо ПСЖ га барса жакшы болмок. Себеби Ди Марияда ошол жерде дагыда жакшы оюун корсотмок.
0
ruslankg
2015-11-22 22:54:04
Реал коргоно албай Роналдого топ жетпей жатты бирок барсанын курамы ото эле кучтуу азыр жениши анык эле Месси чыкпаса деле болмок озу
0
USSRKG
2015-11-22 22:59:41
Ээх Реалчылар не дейт. Чоп оро албаган адам орок тандааайт дейт. Жон гана Барса. Кучтуу ойноду Суарес красавчик
+1
elgiz0890
2015-11-23 00:23:19
Тренерди атайын кетириш учун ойнобой койюшту булар
+1
RASTAMAN
2015-11-23 03:37:18
Real polyada emne kylywyn bilbey jurdu. Barsa Granada je Levante mn oinogondoi boldu.
0
manas93kg
2015-11-23 09:23:02
Реал озу жаман команда эч жакпайт
0
malikkkg
2015-11-23 11:49:45
Уят да оз уйундо 4-0 го утулуш
Барса молодцы
0
Kunbeken
2015-11-23 15:08:00
malikkkg,Бирде жигит тоо минет бирде жигит жоо журот дегендей эле да. Роналдо бул оюнда жоо журсо эмки кезек Мэссиде го
0
friendwipkg
2015-11-24 02:17:53
Буларды Реал эмес, жөн эле Мадрид деп аташ керек эмитен баштап.
0
friendwipkg
2015-11-24 02:19:30
Мадрид командасы "Реал Барселонага" өз үйүндө утулуп калды.
0
friendwipkg
2015-11-24 02:22:59
Бирок Роналдунун маанайы беш го.
0
friendwipkg
2015-11-24 02:27:32
Перес кыргыз киши болгондо "ошентип эриңи коркутасың"- дейт эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан