Түркия-Сирия чек арасында орусиялык аскердик учак атып түшүрүлдү

Түркия менен Сирия чектешкен аймактан орусиялык аскердик учак атып түшүрүлдү. Түркиялык маалымат булактары учак аба мейкиндигин бузганы үчүн атылганын билдиришүүдө. Орусиянын Коргоо министрлиги маалыматты ырастап: "Бүгүн Түркия-Сирия чек арасында жерден аткылоодон улам орусиялык Су-24 учагы жерге кулады. Алдын ала маалыматтар боюнча учкучтардын экөөсү тең учактан секирип кетүүгө үлгүргөн, учурда алар дайынсыз болууда",- деп билдирди.
Орусиянын министрлиги орус учактары аба мейкиндигин бузбаганын жана бардык учуулар каттоого алынганын айтууда.

Эскерте кетсек, Орусия истребителдери октябрь айында да Түркиянын аба мейкиндигин эки жолу бузуп, бул нерсе Анкаранын Москвага нааразычылыгын жараткан.

Сирия-Түркия чек арасында орус учагы кулады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан