Кыргыз жеринде газ 1 сом 16 тыйынга кымбаттады, декабрда абоненттер 16 сом 93 тыйындан төлөшөт

Кыргыз мамлекетинде жаратылыш газы 1 сом 16 тыйынга кымбаттады. Өлкөдөгү абоненттер декабрь айында газдын метр кубуна 16 сом 93 тыйындан төлөшөт (мурунку айда 15 сом 77 тыйын болчу). Газдын кымбатташын "Газпром Кыргызстан" ишканасы доллардын курсунун жогорулашы менен байланыштырууда (1-декабрга карата доллардын курсун 75 сом 86 тыйын деп алуу менен). Өндүрүш ишканалары, бюджеттик уюмдар жана коммерциялык мекемелер үчүн жаратылыш газынын баасы бул айга 20 сом 49 тыйын деп бекитилди.

Өткөн айда жаратылыш газы 17 тыйынга кымбаттаган же 15 сом 60 тыйындан 15 сом 77 тыйынга көтөрүлгөн эле.

Белгилей кетсек, өкмөт газдын тарифи жылдын аягына чейин олуттуу өзгөрбөй турганын, бирок доллардын курсуна карата бир аз өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан