10-декабрдан 11-декабрга караган түнү Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда террордук уюмдун 2 мүчөсү жок кылынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, өлтүрүлгөн эки адам бир топ оор кылмыштарды аткарган болушу мүмкүн. Алар Бишкектин 8-кичи районунда аймактык милиционерди өлтүргөн деп болжолдонууда.
"Операциянын жүрүшүндө УКМКнын бир кызматкери октон улам жаракат алган. Учурда анын абалы канааттандырарлык. Катардагы жарандардан жаракат алгандар жок. Өлтүрүлгөн адамдар Бишкекте жана Чүй облусунда террордук акттарды пландашканы аныкталды. Алардын жанынан 4 тапанча, граната, жарылуучу зат, бир нече уюлдук телефон жана башка буюмдар табылган. Учурда тергөө амалдары уланууда",- деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 19-ноябрда саат 20:00 чамасында Бишкектин 8-кичи районундагы 38-үйдүн жанынан 2 адам аймактык милиция кызматкери Актилек Абдубалиевди атып өлтүргөн. Андан соң кылмышкерлер велосипеддер менен 7-кичи район тарапка качышканы аныкталган. Азыркы тапта аларды издөө иштери уланууда.
Ички иштер министрлиги Абдубалиевди өлтүргөндөр тууралуу маалыматка министрлик 1 миллион сом берүүнү убадалаган.