Бүгүн, 20-декабрда Бишкек шаарында ырчы Съездбек Искеналиевдин "Аруу кызым" аттуу ырына тартылган клиптин бет ачары болду. Иш-чара борбор калаадагы кинотеатрлардын биринде өтүп, ага жаш балдар жана алардын ата-энелери чакырылды.
Клипте атасы кызынын кичинекей кезин, таттуу күндөрүн эстеп, бой жеткенде турмушка узатып турганы сүрөттөлөт. Келген коноктор клип абдан мыкты тартылганын айтышып, актёрлор өз ролдорун жакшы аткарганын белгилешти.
С.Искеналиевдин айтымында, клиптеги идея анын жаңы продюсери Арсен Мендибаевге таандык. "Бул клип биздин биринчи эмгегибиз. Башкы каармандын ролун белгилүү актёр Марат Козукеев аткарды. Клиптеги кичинекей кыздын ролун менин кызым Даткайым ойноду, ал эми турмушка чыгып жаткан келинчектин образын Назбийке аттуу карындаш аткарды",- деди Искеналиев.
Клип көрсөтүлгөндөн кийин жаш балдар үчүн жаңы жылдык майрам уюштурулду. Иш-чаранын соңунда Аяз ата аларга белектерди тартуулады.