Нарын облусундагы Нарын районунун Оорук-Там айылында карышкырлар эки адамга кол салышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундар билдиришти.
Алардын айтымдарында, окуя кечээ эртең менен болгон. Башында эки карышкырлар айылдагы мектептин кароолчусуна кол салышкан. "Андан соң жакын жерде жүргөн дагы бир адамды тиштеп башташканда, тургундар жардамга келишкен. Жабырлануучулар учурда ооруканада медициналык жардам алышууда. Жакынкы күндөрдө чыгарылат экен. Алардын абалы туруктуу болуп калды",- дешет айылдын жашоочулары.