Арсен Эралиев, Айсулуу Тыныбекова жана Дастан Лепшаков баштаган 15 спортчу спорт агенттиги тарабынан "Жылдын мыкты спортчусу" аталды

Кечээ, 24-декабрда Бишкекте олимпиадалык бал уюштурулуп, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги 2015-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Анда мыкты спортчулар жана машыктыруучулар аныкталып, сыйлык тапшырылды.

Бул күнү жалпысынан 15 спортчуга жана 15 машыктыруучуга сыйлыктар ыйгарылды. Спорт түрлөрүнө токтолсок, сыйлык ээлери олимпиадалык, олимпиадалык эмес, улуттук жана паралимпиадалык спорт түрлөрүнөн болушту.

Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча "Жылдын мыкты спортчулары" төмөнкүлөр:

Арсен Эралиев (грек-рим күрөшү), Атабек Азисбеков (грек-рим күрөшү), Айаал Лазарев (эркин күрөш), Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер арасында эркин күрөш), Дарья Маслова (жеңил атлетика).

Олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнөн "Жылдын мыкты спортчулары" төмөнкүлөр:

Дастан Лепшаков (бильярд), Уланбек Касымбеков (кикбоксинг), Авазбек Аманбеков (кикбоксинг), Бекболсун Кушубаков (бел боо күрөшү), Нагира Сарбашова (бел боо күрөшү).

Улуттук спорт түрлөрү боюнча мыктылар:

Мырзабек Кочкоров (алыш), Анарбек Жамакеев (тогуз коргоол), Мээрим Момунова (алыш).

Паралимпиадалык спорт түрлөрүнөн мыктылар:

Эсен Калиев (пауэрлифтинг), Жыргалбек Балбаков (пауэрлифтинг).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан