Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөнүн акыйкатчысын шайлоо өтүп жатат. Учурда депутаттар жашыруун түрдө добуш берип, бюллетендерди урналарга салышууда. Депутаттардан түзүлгөн комиссия бул процессти көзөмөлдөп жатат.
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев бул комиссиянын айрым өкүлдөрү урнанын жанында туруп, депутаттардын кимге добуш бергенин текшерип жатканын байкап, буга нааразы болду. Башында ал нааразычылыгын тамаша түрүндө айткан, бирок комиссиянын өкүлдөрү ага анча көңүл бурбай коюшкан. Анда Төрөбаев аларга келип, урнадан алысыраак турууну катуураак айтты. Аны төрага Асылбек Жээнбеков колдогондо гана комиссия өкүлдөрү баш ийишти.
Айта кетсек, акыйкатчы кызматына 3 талапкер бар. Алар: Кубат Оторбаев (КСДП), Рита Карасартова ("Республика-Ата Журт") жана Алишер Мамасалиев ("Өнүгүү-Прогресс").