Кубат Оторбаев өлкөнүн акыйкатчысы болуп шайланды

Жогорку Кеңештин депутаттары КСДП жана "Кыргызстан" фракциялары сунуштаган Кубат Оторбаевди акыйкатчы кызматына шайлашты. Ага 63 депутат макул болду. Башка талапкерлер Рита Карасартова ("Республика-Ата Журт") жана Алишер Мамасалиев ("Өнүгүү-Прогресс") 26 добуштан алышты. Оторбаев депутаттардын алдында ант берип, кызматына расмий түрдө киришти. Спикер Асылбек Жээнбеков депутаттардын атынан жаңы акыйкатчыны куттуктап, адилеттүүлүк, адам укуктарынын сакталышы үчүн күрөшүүгө байланышкан ишине ийгилик каалады.

Айта кетсек, парламенттин бүгүнкү жыйынынын башында акыйкатчы кызматына 7 талапкер болгон. Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышындагы депутаттар Абдыжапар Бекматов ("Бир бол"), Нуркамил Мадалиев ("Кыргызстан"), Мавлян Аскарбеков жана Толкунбек Исаков ("Ата Мекен") акыйкатчы кызматына талапкерликтен баш тартышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан