Тамерлан Козубаев, Валерий Кашуба, Манас Карипов сыяктуу атактуу футболчулар өлкө чемпиону "Алайдын" курамына кошулушту

Өлкө чемпиону "Алай" футболдук клубу АФКнын Кубогунун тандоо турунда ливандык “Триполи” клубу менен беттешет. Беттеш 2016-жылы 9-февралда Ливанда өтөт. Дал ушул оюнда жеңип чыккан команда АФКнын Кубогунун тайпалык баскычына жолдомо алат.

Беделдүү эл аралык мелдешке жолдомо алуу үчүн "Алай" футболдук клубу курамды күчтөөгө өттү. SUPER.KG порталына команданын медиа-офицери Кубанычбек Ураимов билдиргендей, клуб учурда бир катар футболчулар менен келишим түздү. Клуб менен келишим түзгөн жана түзүшү мүмкүн болгон футболчуларга көз салып коюңуз...

Дарбазачылар

Клуб дарбазачы Калыс Акималиев ("Абдыш-Ата" клубунан келди) менен 1 жылга келишим түздү. Ошондой эле улуттук кураманын дарбазачысы Валерий Кашуба (тажикстандык "Худжанд" клубунда ойноп келди) менен 1 оюнга макулдашуу болду. Оюндун жыйынтыгына жараша келишим узартылышы мүмкүн.

Коргоочулар. Улуттук кураманын коргоочусу Тамерлан Козубаев командага кошулат. Тамерлан менен да келишим 1 оюнга гана туураланды. Эгер команда мелдештин кийинки баскычына чыкса же футболчу башка абройлуу клубдан сунуш албаса, келишим узартылат.

Жарым коргоочулар. Команданын катарын Турсанали Рустамов толуктады. Бишкектик "Алганын" курамында ойноп келген футболчу менен келишим 1 жылга түзүлдү. Ошондой эле "Абдыш-Атанын" жарым коргоочусу Манас Карипов "Алайдын" формасын киймекчи.

Чабуулчулар. "Алайда" учурда Алиа Силла аттуу күчтүү чабуулчу бар. Аны менен дуэт түзгөнгө, аны алмаштырганга клуб күчтүү чабуулчу издеп жатат. Азырынча 2 чабуулчу менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Алардын бири камерундук Арманд Онголо болсо, экинчиси "Абдыш-Атада" ойногон Владимир Верёвкин.

"Буга катар командага Нурбек Жолдошев, Абдурашид Саидрахманов, Абдынур Мамытов сыяктуу футболчулар келип кошулду",- дейт К.Ураимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
dosym
2016-01-05 13:38:42
эми ийгиликтерди кутобуз, жакшы ойногула
0
elmurat.kg
2016-01-05 13:54:40
Эми АФК группасына отойлу,алга ФК АЛАЙ!
0
Lintel
2016-01-05 13:57:23
Камерундук Арманд Онголону кошуш керек. "Абдыш-Атада" ойногон Владимир Верёвкинди жолотуш керек эмес..
0
Ruslan_d
2016-01-05 14:18:07
Афкага бир нерсе кылып чыкыла эми!
0
Lintel
2016-01-05 14:20:02
Ruslan_d,не АЛАЙга желип бергиле депби.
0
Maks_shop
2016-01-06 04:43:39
О бар экенго Мирланды да кошкула
0
star89
2016-01-06 11:50:40
Maksat Alimov jokbu komandada???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан