"Алтын топ" сыйлыгы үчүн жарышта футболчу Мессинин башкы атаандашы Роналду эмес, Неймар болмокчу (инфографика)

11-январда Швейцариянын Цюрих шаарында футбол жаатында 2015-жылдагы мыктылар аныкталып, аларга сыйлык тапшырылат. Бул күнү эң беделдүү сыйлыктардын бири, дүйнөнүн мыкты футболчусуна тапшырылуучу "Алтын топ" сыйлыгынын ээси аныкталат.

Өткөн жылы бул сыйлыкты португалиялык футболчу Криштиану Роналду алган. Бул ирет аталган сыйлыкка "Барселонанын" чабуулчулары Лионель Месси менен Неймар, жана "Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналду талапкер болууда. Биз "сыйлыкты Лионель Месси алышы керек" деген пикирди карманып, муну далилдөөгө аракет кылабыз.

Месси өткөн жылы карьерасындагы эң мыкты оюнун көрсөттү. Көзү ачылган, мол тажрыйбага ээ футболчу "Барселона" кемесин жеңиш аралына сүйрөп жеткирди. Жолунан чыккан "Реал", "Атлетико", "Бавария", "Ювентус" сыяктуу мыкты клубдар "Барсанын" алдында тизе бүккөнгө мажбур болушту. Быйыл Месси сыйлык тапшырылуучу залга киргенде көпчүлүк ордунан туруп, боорун топчулай турганы анык. Демек, Мессиге бул сыйлык 5-ирет тапшырылат. 5 ирет "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" аталган соң Месси кийинки оюндарга өзүн кантип шыктандырат? Бул келечектин суроосу. Азырынча ал сыйлык тапшырылчу мезгилди күтүп, эл алдында сүйлөй турган сөзүн даярдап гана турганы оң.

Месси жаракат алганда Неймар өзүнүн мыктылыгын, лидерлик сапатын көрсөтүп, командага бир топ ийгилик алып келди. Бирок Месси майданга чыкканда Неймар өзүнө көп жоопкерчилик ала албасы бышык. Ошентсе да бразилиялык футболчу Месси уткан бардык чемпиондукту багындырды, бирок сыйлык бул ирет Неймарга тапшырылат деп ишендирип айтуу мүмкүн эмес. Себеби бул сыйлыкты тарыхта лидердин көлөкөсүндө жүргөн бир дагы футболчу алып көргөн эмес.

Криштиану Роналду 30 жашка чыкты. Бул жашка чыкканда футболчу жетиштүү деңгээлде тажрыйбалуу болуп калат. Бирок мол тажрыйбага катар жаракаттардын да саны ашат. Роналду 2015-жылы Месси менен Неймарга караганда көбүрөөк гол киргизди. Ошентсе да "Реалдын" жыл ичинде бир дагы мелдеште чемпион боло албаганы Роналдуну сыйлыктан алыстатып коюшу турган кеп. Анын деңгээли атаандаштарынан төмөн деп айтканыбыз жок, болгону сыйлыкты алуу үчүн сөзсүз түрдө бетке кармай турган командалык ийгилик болуш керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
Mars55
2016-01-08 15:03:50
Месси татыктуу мээнети көп
0
Uson13
2016-01-08 15:53:05
Мессинин эмнесин жакшы көрөсуңөр эч түшүнбөйм ал мусулмандарды жаман көрөт
+2
PATRIOT-98
2016-01-09 03:11:20
Uson13, ХХХ ХХХ ХХХ... Месси алтын топ алганда ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2016-01-11 16:13:58
PATRIOT-98 - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
0
elmurat.kg
2016-01-08 17:19:51
Месси алыш керек,себеби аябай аракет кылды.
0
nonem
2016-01-08 17:26:42
мееси дегендер очкуло Роналду эн кыйын футболист
+6
make2
2016-01-08 17:37:04
Месси команда үчүн ойнойт роналду өзүмчүл топ берсе тееп коёт мактанчак топ тепкенден кийин камераны карап жасалма пиар реклама көп кылат
-3
pyeon hwa
2016-01-08 19:23:48
эмнегендир Автор Мессиге тарткандай сезим!бирок эмнеси болсо да жакшы жанылык!супер!
+3
fara2503
2016-01-11 01:39:58
pyeon hwa,эмнегедир эмес даанаа эле корунуп турат Мессиге тартканы
+1
osh93
2016-01-09 02:15:19
Месси,алат ыйлактабагыла!
+3
Taku.14.02
2016-01-09 02:48:57
Дайым эле Мессини мактап келет Барселона болбосо Мессинин аты очот. Роналдо кайсы жерге барбысын жылдыздай жаркырайт.
-4
F.C.Batken.
2016-01-09 11:01:14
Месси алат.Месси мусулмандарды жаман көрөт деген жалган маалыматка ишенип Мессини жек көрөсүңөр, а чынында Роналду өзүн кудайга теңеп жибердиго.Буга кандай дейсиңер?
+2
beku5761
2016-01-09 19:43:17
месси 2010 2012 жылдары алтын топту татыксыз алган. ошол жылдары хави инеста алышы керек эле. бул жылы алса татыктуу эле алган болот
+2
Ersu
2016-01-10 16:49:14
2012 Раналду алыш керек эле, Мессиге тартып коюшкан.
+1
realmadrid32
2016-01-11 12:03:30
Роналду албетте татыктуу, бирок Месси алат
0
realmadrid32
2016-01-11 12:04:18
роналду
+1
admin_portal
2016-01-11 16:37:03
fara2503,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
nur_92
2016-01-12 00:05:21
Фуу фудболду иттей жаман кором
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан