Футбол боюнча жаштар курамасы орусиялык "Сатурн" футболдук клубун 4:2 эсебинде утуп алды

22 жашка чейинки курактагы футболчулардан куралган жаштар курамабыз "Шериктештик Кубогу-2016" беттешине Москвада даярданып жатат. Даярдыктын алкагында футболчуларыбыз 9-январда "Сатурн" футболдук клубу менен жолдоштук беттеште жолукту.

Беттеште машыктыруучу Мирлан Эшеновдун шакирттери 4:2 эсебинде утуп чыгышты. Жеңиш алып келген голдорду Ахлетдин Исраилов, Абай Боколеев, Фархат Мусабеков жана Роман Левченко киргизди.

Кошумчалай кетсек, бул командалардын ортосунда 12-январда дагы бир беттеш орун алмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nuryk00
2016-01-10 14:24:53
Азаматсынар жигиттер! Мындай ири эсеп турнир алдында озлоруно болгон ишенимди жогорулатат. Кыргызстан да быйылкы жылы футбол дагы бир тепкичке которулот буйурса!
+7
zarlyk2211
2016-01-10 16:12:01
Азаматсынар!!!
+3
joodar_myrza
2016-01-10 18:09:39
Ураа! Футболдон кыргызга оомат келди! Бразилия менен боло турган беттешке аз эле калды окшойт, тамаша кылып жатып чынга айланчуудай.
+2
Ruslan_d
2016-01-10 19:08:54
Азаматсынар алга жигиттер!
+1
nurkasym-2014
2016-01-10 20:54:22
Аракетке берекет.Талыкпаган эмгек керек.
+1
saat1200
2016-01-10 21:22:51
урааа
+1
miki11
2016-01-11 01:29:24
Красавчиктер!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан