Ак-Сууда илбирсти аткан жаран Жайыт колдонуучулар бирикмесинин башчысы болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Экологиялык коопсуздук башкармалыгынын башкы инспектору Талант Иманкулов билдирди.
"Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылынын тургуну Аскарбек Каралаев 1967-жылы туулган. 2010-жылдан бери аталган айылдын Жайыт колдонуучулар бирикмесинин башчысы болуп иштеп келген. 16-январда 22:00 чамасында Ак-Суу РИИБи тарабынан кармалган. Анын Нива үлгүсүндөгү автоунаасынан болжол менен 1,5 жаштагы илбирстин териси жана башы табылган. Каралаевге Кылмыш кодексинин 278-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Ак-Суу РИИБи ишти тергеп жатат. Өкмөттүн 2013-жылдын 3-майында чыгарылган токтомунун негизинде 500 миң сом айып салынат. Ал эми биз эксперт катары чакырылабыз",- дейт Иманкулов.
Эскерте кетсек, Каралаев кечээ кечинде үй камагына чыгарылган.