Жогорку Кеңеште Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу келишиминин алкагында бөлүнгөн 37 миллион доллардын кайда жумшалганын иликтөөчү депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссияга 6 фракциядан депутаттар мүчө болуп киришти. Комиссия түзүү боюнча токтомго 80 депутат "макул", 9 депутат "каршы" добуш берди.
Комиссия түзүүнү сунуштаган "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов: "Келишимди бузган тарап сарпталган каражатты төлөп берет" деген норма бар. Кыргыз мамлекети төлөөгө мажбур. Биз долбоорду ишке ашырууга бөлүнгөн 37 миллион доллар кандай сарпталганын такташыбыз керек",- деп билдирди.