Коррупция боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргыз Республикасы 167 мамлекеттин арасынан 123-орунда турат

2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы коррупциянын деңгээли боюнча 136-орундан 123-орунга жылды. Бул тууралуу "Transparency International" Эл аралык уюмунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, быйыл республика 100 баллдан 28 балл алып, 7 мамлекеттен ашкан. Бул тизмеде биринчи орундарды Дания, Финляндия жана Швеция ээледи. Коңшу Казакстан да 123-орунду ээледи. Орусия 119-орунда, Тажикстан 136-орунда, Өзбекстан 153-орунда, Кытай 83-орунда турат.

Эң акыркы орундарда Ооганстан, Түндүк Корея жана Сомали мамлекеттери жайгашышты. Жалпысынан бул рейтингде 167 мамлекет бар.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасы 2014-жылы 136-орунда болгон, 2013-жылы карамагындагы 24 балл менен коррупциянын деңгээли боюнча 150-орунда жайгашкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан