Ош облустук ооруканасында отургучтун жоктугунан бейтаптардын буттары талып, туруп кезек күтүшөт. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Азыркы учурда ооруканага кайрылгандар көп болуп, кезек күткөндөрдүн арасында жаш балалуу энелер, кош бойлуулар, карыялар бар. Отургуч жоктугунан тикесинен тик туруп 1-2 саат кезек күтүшөт. Ооруканалардын көбүндө азыр ушундай абал. Ошондуктан мамлекет мындай нерселерге көңүл буруп койсо жакшы болор эле",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.