Теннис боюнча Австралиянын Ачык биринчилигин немис спортчусу утту, ал финалда Серена Уильямсты жеңди

Германиялык теннисчи Анжелика Кербер Чоң шлем түркүмүнө кирген 4 мелдештин бири Австралиянын Ачык биринчилигин жеңип алды. Ал кыз-келиндер арасындагы мелдештин финалында дүйнөнүн 1-ракеткасы америкалык Серена Уильямсты утту (6:4, 3:6, 6:4).

Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, беттеш 2 саат 8 мүнөткө созулду. Муну менен 28 жаштагы немис спортчусу карьерасында алгачкы жолу Чоң шлем түркүмүндөгү мелдеште жеңишке жетишти.

34 жаштагы С.Уильямс карьерасында 6 ирет аталган мелдеште жеңүүчү аталган (2003-жылы, 2005-жылы, 2007-жылы, 2009-жылы, 2010-жылы, 2015-жылы). Анын эсебинде Чоң шлем мелдештеринде 21 чемпиондук наам бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Umar080814
2016-01-31 15:39:18
Жакшы болуптур Серена эжесиби же сиңдисиби?
0
Максат Кудайбердиев
2016-01-31 16:13:15
Umar080814,Серена эже-сиңди Уильямстардын кичүүсү.
0
Umar080814
2016-01-31 17:10:36
Максат Кудайбердиев,рахмат
0
behappy74
2016-01-31 17:06:46
Серенанын сазайын Жьюстин Энен берчу эле, ал кеткени кутурду го баалуу турнирлердин баарын каалаганындай утуп.
+1
beku5761
2016-01-31 17:57:05
женилбес уильямс акыры женилиптирда
0
realmadrid32
2016-01-31 20:09:08
Оюн ото кызыктуу чыныгы финалдай болду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан