Нарында күйөөсү менен аялы өрт кырсыгына кабылып, учурда ооруканада

Кечээ, 5-февралда Нарын шаарындагы үйлөнүү-үлпөт салондорунун биринде өрт чыккан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын шаарындагы Өрттүн алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Ташмамбетов кабарлады.

"Бизге өрт тууралуу билдирүү саат 17:10дордо түштү. Айтылган дарек аркылуу барганыбызда үйлөнүү-үлпөт салону өрттөнүп жатыптыр. Салондун 15 чарчы метри, ичиндеги эмеректер күйүп кетиптир. Өрт толугу менен 17:35те өчүрүлүп бүттү. Азыр өрттүн себептерин тактап жатабыз. Ал эми салондун ичиндеги эки адамдын бири 1989-жылкы жигит денесинен 10-15 пайыз күйүк алып, жанындагы аялынын денеси 80 пайызга күйүп, ооруканага жеткирилишти",- деди Нурлан Ташмамбетов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KursKG
2016-02-06 15:18:39
Жаман болуптур, этият бололу туугандар," Орт тили жок жоо", жабыркагандарга жараткан шыпаасын берсин, айыгып кетишсин
+3
kirgizstan
2016-02-06 15:24:22
Эсен аман айыгып кеткиле
Акыркы кундору тилсиз жоо коп болуп жаткандай. Орт жер титироо ж.б
+1
bkuramaev
2016-02-06 17:18:15
Кызганычтын айынан болгон кырсык окшойт. Башка кабарларда куйоосу атаыйн озу орт чыгарган экен..
+2
Inna_91
2016-02-06 17:24:14
Ии бул эмне деген шумдук эри катынга кудай акыл бере корсун
+2
Azura
2016-02-07 05:31:29
80 % тируу калбайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан