Нарын облусундагы Нарын районуна караштуу Чет-Нура айыл өкмөтүндөгү Ак-Кыя айылында суу түтүктөрү талап кылынган тереңдикте көмүлбөй калды. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.
"Парламенттик шайлоого 4 күн калганда "Кыргызстан" партиясы "айылга таза суу чыгарабыз" деп жерди 1,5 метр тереңдикте каздырып, түтүктөрдү көмүп салышкан. Жердин тереңдиги 3 метр болуш керек, болбосо кышкысын суу тоңуп калат. Партия Нарындын ызгаар суугун эске алган жок. Анан дагы суу тартуу иштери аягына чыкпай, айылга таза суу да чыккан жок. Айыл элине "жазында чыгарып беребиз" дешти, бирок аны жазында чыгарганы менен, кышкысын суу тоңуп калсачы?"- деген суроо койду окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.