Тайвандагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 20га жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Тайвандагы Тайнань шаарында жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча кечээ таңкы саат 04:00 чамасында болгон. Жер титирөөнүн күчү 6,4 баллды түзүп, очогу жер астында 10 чакырым тереңдикте экени аныкталган.
Арал сейсмикалык активдүү аймакта жайгашкандыктан, жер титирөөлөр көп болот. Бул жер титирөөнүн кесепетинен шаарда көп кабаттуу үйлөр урап, жүздөгөн адамдар урандылардын астында калды. Тайвандын бийлигинин билдиргенине ылайык, 20 адамдын сөөгү табылып, 500дөй адам жаракат алып, 132си изделип жатат. Адамдын денесинен чыккан жылуулукту аныктаган аспаптар урандылардын астында дагы тирүү адамдар бар экенин көрсөтүп жатканы маалым болду. Куткаруу иштерине иттер менен 800дөй адам катышууда.