Москва шаарынын мэри Сергей Собянин метродо аялды куткарып калган кыргыз жараны Марат Исаев менен полиция кызматкери Артём Королюкту сыйлады. "Силердин араңарда жакында рельске кулаган аялды куткарып чыныгы эрдик жасаган эки адам отурат. Алар өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салып аялды өлүмдөн сактап калышты. Аларга ыраазычылык билдирем жана ыраазычылык катын тапшырып жатам",- деди мэр.
Сыйлык тапшыруу аземин ондогон чет элдик журналисттер чагылдырышты. Иш-чара Южное Медведково районундагы милиция бөлүмүндө өттү.
"Аялды куткарып калуудан башканы ойлогон жокмун. Рельстердин арасында жатканда үй-бүлөмдү ойлодум. Жыгылган айым менен полиция кызматкеринин аман калганын көргөндө сүйүндүм. Биз дароо жабырлануучу аялга "Тез жардам" чакырдык",- деди мекендешибиз.
Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев эрдик жасаган Марат Исаевди сыйлоо боюнча чечим чыгарып, 18-февралда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги сыйлыкты ээсине тапшырды. Мындан тышкары спикер Асылбек Жээнбеков кыргыз жигити Жогорку Кеңештин атынан да сыйлана турганын билдирген. Эки күн мурун Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Марат Исаевдин ата-энесине өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун ыраазычылык катын ыйгарган.
Марат бул жасаганын эрдик деп эсептебей турганын, эч кимден эч кандай сыйлык сурабасын SUPER.KG порталына айтып берген эле.