Москвада аялды поезддин алдынан аман сууруп чыккан Марат: “Бул жасаганымды баатырдык деп эсептебейм”

11-февралда Москванын метросунун "Красносельская" станциясында Юлия Валь аттуу аял талмасы кармап рельстерге кулап түшкөн. Аны полиция кызматкери куткарууга аракет кылып, башкалары жардам бербей жатканын көргөн 28 жаштагы Марат Исаев рельстерди көздөй түшкөн. Поезд жакындап калгандыктан, чыгарып кетүүгө мүмкүн болбой, аялды өздөрү менен кошо рельстердин арасына жаткырып аман калышкан. Марат бүгүн SUPER.KG порталы менен байланышып, бул окуя тууралуу айтып берди.

"Москвада 8 жылдан бери иштеп жүрөм. Жумуштан үйгө метро менен саат 7 чамасында келе жаткам. “Красносельская” станциясына жетип, поездден чыкканда эле аялдын рельске кулап түшкөнүн көрдүм. Дароо чуркап бардым. Менден мурун жардамга полиция кызматкери кол сунуп, рельске секирип түшүп, аялды көтөргөнгө аракет кылды. Анын артынан мен да секирип түшүп жардамдаштым, бирок экөөлөсөк да аны сыртка чыгара албай койдук. Ошол замат кийинки келе жаткан поезддин жарыгы тийип, үнү угулуп калды. Чыгара албай турганыбызды сезип, аялды рельске жаткыра салдык. Анын артынан эле мен, менден кийин полиция кызматкери жата калды. Өз убагында аракет калганыбыз үчүн аман калдык.

Поезд токтогондон кийин деле аялдын өзүнө келе электигин байкап, полиция кызматкерине “Тез жардам” кызматын чакыр деп кыйкырдым. Ал сыртта тургандарга буйрук берди. Машинист “кыймылдабай жаткыла, ток тартып кетет” деп кыйкырды. Бир аз туруп эле полиция кызматкери жөрмөлөп поезддин астынан чыгып кетти. Анын артынан эле бир киши келип, “сүйрөп чыгарышыбыз керек, жардам берейин” деди. Экөөлөп сүйрөп жатканыбызда аял өзүнө келип, мени ургулап туруп алды. Мен "сиз поезддин алдында жатасыз, чыгарып кетишибиз керек" десем деле болбой ургулай берди. Анан мага жардам берип жаткан киши да айтты эле, унчукпай калды. Аны чыгаргандан кийин “Тез жардам” унаасы алып кетти".

Марат поезд келгенче жөн гана чыгарып кетебиз деп ойлоп, өзүн тобокелдикке салган. Анын бул эрдигин угуп-билген бүт орус эли жылуу кабыл алып, рахматын айтышууда. Марат мамлекет тарабынан атайын сыйлык берилип же эске алынбаса да таарынбастыгын белгиледи.

"Поезд астында жатып "Эмнеге бул ишке бардым, өлүп калсам эмне болмок?" деп ойлодум. Анан да кызым, бир туугандарым, жакындарым эске түшүп, катуу ачууландым. Аман калдык, жапа чеккен жокпуз. Азыр элдин баары жакшы тилектерин айтып жатышат. Өзүм менен бирге иштеген орус, кыргыздар “сен биздин баатырсың, сени ушундай эрдик жасайт деп күткөн эмеспиз” деп кубанып жатышат.

Муну мен баатырдык деп деле эсептебейм, жардам бериш керек болду, бердим. Мага эч кандай сыйлык беришпесе деле ыраазымын. Бирок адамга жардам керек болуп турганда полициядан башка эч ким жардам бергиси келбей, тескерисинче, камерага тартып жатышканы мени таң калтырды. Мен жардам бердим, мындайда туруп алуу кыргыздын канында жок. Аял азыр деле ооруканада жатат, жакшы боло элек экен. Мүмкүн, өзүнө келгенде телефон чалып калар".

Марат Исаевдин Москвада жашаганына 8 жыл болду, учурда дизайнердик компаниялардын биринде курьер болуп иштейт. Ал Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлүп, Ош шаарында бойго жеткен.

Кыргыз бала темир жолго кулап кеткен аялды куткарууга жардам берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Alexus
2016-02-14 14:49:41
Азаматсын мындайга барышкада журок керек..!
+1
kobra86
2016-02-14 14:50:03
Орустар " бир гражданин " десе дей беришсин Аллах бул эрдикти этияттап катып койот акыретте эсепке алат.
+5
Nurum15
2016-02-14 16:38:08
Апей балам, бул баатырдык эмей эмне, же релистин алдында калган сенин жакынын беле.Эгер озуно жакын адам болсо анда кеп башка.
+4
Ryskeld
2016-02-14 17:33:13
молодец бизде 7 апрелде случайно отуп бараткандар деле баатырбыз деп жатышпайбы. кээ бироолор тиешеси жоктор деле. сен баатырлык кылыптырсын
+4
nur0077
2016-02-14 23:01:25
Ryskeld,Мискенбаеып колунан келсе Думага кат жазсын Кыргыз жараны чыныгы Баатырлык кылды деп.Ошондо Элдин таламын талашкан депутат экендиги анык корунот.
+8
Inna_91
2016-02-14 22:25:07
Азамат бир адамдын омурун сактап калды. Аялдын эпилепциясы кармап калган экенда кудай сактасын эпилепция барлар печканын суунун чукур жерлерден алыс журсо омуруно зиян келтирип алышатко кудайм асырасин
+3
Ayida
2016-02-14 22:40:01
ХХХ ХХХ ХХХ... Баракелде!
+4
admin_portal
2016-02-15 14:58:39
Ayida - эскертүү!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
+1
Gema
2016-02-14 23:28:19
Орустарга соз жок!Ушундай азаматтар бизде кобойо берсин!!
+2
dicha80
2016-02-15 04:20:00
Азамат и рахмат иним!талаа жеринде жаман жагыбызды корсотпой,ушундай эрдик кылып жакшы жагыбызды корсотконуно Алла ыраазы,кыргыз эли ыраазы!Бар бол Этият бол!
+2
Zubi91
2016-02-15 09:35:10
Аалла талаа ден-соолугун берсин коп жашасын
+2
ere
2016-02-15 10:35:00
Баатыр наамын албай рас кылыпсын
+2
beben
2016-02-15 11:30:01
Мына баатыр мен болгондо тушпосом керек эле
+2
aydarov...
2016-02-15 14:01:49
Азаматсын
+1
Hanzada
2016-02-15 16:18:41
Коркунчтуу,коркуп кеттим
ишинизге ийгилик
+1
Gulya21
2016-02-16 23:58:37
Орустар кээ бирлери кыргыздарды жаман коруп жиркенишетго чорныйлар деп ошого ургулап салса керекда бир айтканда тушунуп койсо болмок
Молодец азаматсын
+1
Mayramkan
2016-02-17 23:55:47
Азаматсыз, Баракелде деген создордон башка коптогон мактоо создорун айткым келет. Сизге окшогон журогунун тупкурундо чыныгы кыргыз сезими бар жигиттер биздин өлкөдө көп десем жанылышпайм. Бирок ошол кыргыздык сезим,Кыргыздардын ушундай шашылыш учурларда пайда боло калып, адамдарга жардам беруудон баш тартпаган азамат экендигин даңазаладыныз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан