Кыргыз жеринен чыккан атактуу гандболчу Талант Дүйшөбаев Польша улуттук курамасына машыктыруучу болду

Кыргыз жеринен чыккан атактуу гандболчу, акыркы жылдары машыктыруучулукка өткөн Талант Дүйшөбаев Польшанын гандбол боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучусу болуп дайындалды. Польшанын Гандбол федерациясынын расмий сайты кабарлагандай, келишимге 27-февралда кол коюлган. Келишим ушул жылдын сентябрь айында бүтөт.

Буга чейин бул кызматты ээлеп келген машыктыруучу кызматтан алынып, анын ордуна 2 талапкер сунушталган. Анын бири Т.Дүйшөбаев болуп, көпчүлүк анын талапкерлигин колдогон.

Жаңы кызматка шайланган машыктыруучуга жана улуттук курамага "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алуу тапшырмасы коюлары турган кеп. Олимпиадага жолдомо берүүчү мелдеш 7-10-апрелде өтөт. Анда Польша курамасы Чили, Тунис жана Македония менен беттешет. Бул 4 команданын ичинен жеңишке жетишкен 2 командага жолдомо берилет.

Кошумчалай кетсек, Талант Дүйшөбаев 14 жашында СССРдин курама командасына кирген. Союз тараган соң ага Испаниядан сунуш түшүп, ошол өлкөнүн жарандыгын алган. "Барселона-1992" Олимпиадасында ал атайын курамга кирип, Олимпиаданын алтын медалын тагынган. Испания курамасы менен "Атланта-1996" жана "Сидней-2000" Олимпиадаларында коло медалдарды багындырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bekos2012
2016-03-02 12:17:17
Колдо бар алтындын баркы жок, бизде шарт тузуп берсе, ушундай машыктыруучулар менен гандбол менен коп ийгиликтерди багынтмак, кок бору ойногон биздин жигиттер гандболду мыкты ойномок.
+4
ekaterinburg
2016-03-02 12:18:46
Охо!Жон эле командага эмес,УЛУТТУК курама командага машыктыруучу.Молодец.Ишине ийгилик!
+8
BARSBEK.KG
2016-03-02 19:59:05
Мунусу жакшы экен
0
BARSBEK.KG
2016-03-02 19:59:20
Ийгилик
0
NARYNGRAD
2016-03-02 21:21:36
Ийгилик каалайбыз. Дагы жакшы эптеп бир позитивдүү жанылык бар экен. Кыргыз тилдүү интернет баракчаларына качан кирбе сайып кетти, атып кетти, сатып кетти, алып кетти, жулуп кетти болуп калды.Кыргызстанга качан тартип орноп, качан онолоор экенбиз.
0
Shat.88
2016-03-02 22:31:02
Баласы да атасындай кыйын гандболчу болуптур.испания курама командасында ойнойт экен болгондо да мыкты оюнчу атка конуптур,журогунду жылытат ушундай азаматтар!
0
tosi95
2016-03-03 13:30:03
Кыргызстандан чыккан деп эле мактай бербегилечи.Кыргыз болсо ошончоле жерине элине суйуусу кучтуу болсо анда озубуздун желегибизди жербилетпейт беле дуйного дунгуротуп акча деселе оло турган адамдарга тан калам...
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан