Москвада кыргыз кыздарын "башка улуттун жигиттери менен кафеде жүрөсүңөр" деп кармап, суракка алган үч жигиттин окуясы дүйнөлүк ММКларда талкууланууда. "Eurasianet" басылмасы бүгүн, 2-мартта "Кыргызстан: Өздөрүн абийирдин коргоочусу атагандардын аракеттери жазасыз калууда" деген макала жарыялап, окуянын жүрүшү тартылган видеотасма тууралуу: "Мындай видео улуттук баалуулуктарды сактоо аракети катары жасалган кылмыштуу иштерди тастыктоочу даректүү сейрек кездеше турган далил болуп эсептелет",- деп жазды.
Басылма кылмышка байланыштуу Кыргыз Республикасынын ИИМинин жана тийиштүү өкүлдөрүнүн, социалдык тармактагы колдонуучулардын реакциясын баяндайт.
"Башка улуттагы адамдар менен жолугушкан кыргыз кыздарына улутчул маанайдагы жигиттердин кол салышы Кыргызстанда да, Орусияда да кадимки эле көрүнүш. Көйгөйлүү маселе - Орусиядагы кыргыз мигранттарынын айлыгынын аздыгы жана салыштырмалуу кыргыз өлкөсүндөгү чет элдик жарандардын маяналарынын көптүгү. Көпчүлүк "чет элдик эркектер акчасын пайдаланып, оор каржылык абалда турган кыргыз кыздарын кыйын кырдаалга кептейт" деген пикирде",- деп айтылат маалыматта.
Макалада мындай окуялардын так саны белгисиз бойдон калып жатканы, анткени "патриоттордун" интернетке тарап кеткен видеолору гана иликтенип, ММКларда талкууланып, калгандарын иликтөөгө милиция да кызыкдар болбой турганы эске алынып, жабылуу калып жатканы маалымдалат.
"Укук коргоо органдары иш козгоо үчүн жабырлануучулардан арыз түшүшү керектигин билдиришет. Бул жаатта укмуш жетишкендик болгону айтыла элек. Бул аралыкта социалдык тармактын колдонуучулары тезинен түнкү клубду табышып, чара көрүүнү талап кылышты. "Коңгуроо кагабыз. Мындан ары чыдоого болбойт. Кыздарды басмырлаган жигиттерди видеобайкоо аркылуу тапса болот. Видеого караганда окуя Москва облусунда "Solo Night Club" клубунда болгон. Жүрүгүлө, буларды табабыз. ИИМдин Москвада өкүлү бар, видео өчүп кете электе маалымдайлы",- деп жазды Facebook колдонуучусу Жамиля Кыргызалиева.
ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Аскат Алиевдин Facebook баракчасына чыгарган билдирүүсү мындай иштер менен күрөшүүгө кыргыз бийлигинин даярдыгы боюнча суроо жаратты. Алиев "патриоттордун" аракетин сындоо менен бирге "кыргыз айымдарынын заманбап жашоо стилине" өкүнөрүн билдирди",- деп жазды аталган басылма.