УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын башчысы кызматтан бошотулду (толукталды)

Бөкөнбай КазаковУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын башчысы Бөкөнбай Казаков кызматтан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 10-мартта мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти. Казаков кызматтан кетүүгө өз каалоосу менен арыз жазганы айтылды.

Казаков аталган кызматты 2014-жылдын 2-апрелинен бери жетектеп келген.

Белгилей кетсек, "И.Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровду пара менен кармоодо кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган" деп УКМКнын айрым жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун кечээ Аскер прокуратурасы кабарлаган эле.

Окуу жайдын аталган кызматкери окуя болгон учурда иш бөлмөсүнөн каза тапкан. Казаков ушул окуяга жана жакында УКМКнын имаратынан чыккан өрткө байланыштуу кызматтан кетүүгө арыз жазганы айтылып жатат.

Жакында Чоң-Алайда митингге чыгышкан жергиликтүү тургундар да Абдыкерим Гапаров орган кызматкерлеринин кысымынан улам каза болгонун билдиришип, тийиштүү адамдарды жоопко тартууну талап кылышкан. Бишкекте маалымат жыйын өткөргөн жакындары Абдыкерим Гапаровдун денесинде көк ала тактар бар экенин, анын киши колдуу болгонун жарыялашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан