Шаардык сот Ахматбек Келдибековго 10 миллион сом айып пул салып, сот залынан бошотту

Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум аяктады. Төрагалык кылган судья соттун өкүмүн жарыялады. Ага ылайык, А.Келдибековго эки эпизод боюнча 10 миллион сом айып пул салынды.

Кечээки соттук отурумда прокурор Асаналы Иманбеков Келдибековду 10 жылга эркинен ажыратууну суранган. Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, А.Келдибеков Салык кызматындагы иши боюнча күнөөлүү деп табылып, 8 жылга күчөтүлгөн тартипте жаза өтөө колониясына камакка алынышы керек. "Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу иши боюнча айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркинен ажыратылышы керек. Ошентип, жазаларды жарым-жартылай толуктоо жолу менен Келдибековду мүлкүнөн ажыратып, 10 жылга эркинен ажыратууну суранам",- деген прокурор.

А.Келдибековдун адвокаты Татьяна Чильникина "Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибеков бир да эпизод боюнча күнөөлүү эмес, ал толук акталышы керек" деп соттук коллегиядан суранган. Жактоочу Салык кызматына байланыштуу эпизод боюнча А.Келдибековдун иш-аракеттеринен мамлекетке зыян келтирилбегенин айткан. "Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүнө байланыштуу эпизод боюнча да Келдибековдун күнөөсү жок. Анткени аталган өкүлчүлүктү ачуу боюнча токтомду Келдибеков жалгыз бекиткен эмес, бардык депутаттар добуш берүү аркылуу бекитишкен. Келдибеков парламенттин төрагасы кызматында катардагы депутаттай эле бир добуш бере алат. Ошондуктан анын эч кандай күнөөсү жок. Мындан улам биринчи инстанциядагы соттун биринчи эпизод боюнча чечими күчүндө калсын, экинчи эпизод боюнча чечими жокко чыгарылсын",- деп суранган адвокат.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ахматбек Келдибековду Салык кызматындагы иши боюнча актаган. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан