Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын башчысы Улан Исраиловду кабыл алды. Мамлекет башчы коррупциялык кылмыштарды ачуу жана тергөө иштеринин уюштурулушу, антикоррупциялык иш-чараларды активдештирүүнүн мындан аркы пландары тууралуу маалымат алганын президенттик аппараттан билдиришти.
Президент бардык деңгээлде коррупцияга каршы күрөштү мындан ары күчөтүү жана антикоррупциялык ишти жакшыртуу зарыл экендигин белгиледи.