Гоби чөлүндө (Монголия жана Кытайдын аймагында) төөлөрдүн дүйнөдөгү ири жарышы болуп өттү. 1115 төө катышкан бул окуя "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилет. Бул тууралуу кечээ, 14-мартта "Asia Russia Daily" басылмасы жазып чыкты.
Катышуучулар 15 чакырымды басып өтүүлөрү керек болгон. Алгачкы жеңүүчү марага 35 мүнөт 12 секунда өткөндө келген. 1108-катышуучу старт берилгенден 68 мүнөт өткөндөн кийин эң акыркы болуп келип, жарыш жыйынтыкталган.
Фестиваль 7-мартта "Монгол төөсү-999" иш-чарасынын алкагында өткөн. Анын демилгечилери "Түмэн тэмээ" төө менен саякаттоо ассоциациясы жана Монголиянын жаштар уюму болгон. "Финалдык марага жеткен 1108 төө катышкан жарыш ири жарыштардын бири болуп саналат. Андыктан "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилет. Фестиваль учурунда туулган бото да жакшылыктын жышаанын берет",- дешет уюштуруучулар.
Мурдагы дүйнөлүк рекорд Кытайдын түндүгүндөгү Ички Монголия автономдук районунда катталган. Анда 550 төө катышкан жарыш болгон.