Улуу Британияда атайын аппарат орнотулган таштанды челектери колдонула баштады. Алар улгайган адамдардын таштанды төгүп жатканына дайыма байкоо салып турушат. Эгерде пенсионер 2 апта таштанды таштаганы келбей калса, анда таштанды салуучу челектеги сенсордук аппарат медицина кызматкерлерине кабар жөнөтөт. Бул тууралуу "Лента.ру" басылмасы кечээ, 15-мартта жазып чыкты.
Сенсор орнотулган контейнерлер Бат жана Түндүк-Чыгыш Сомерсет шаарларында колдонула баштады. Кабарлоочу контейнерлер таштандыны керекке жаратуу жана калдыктарды чогултуу кызматындагыларга таштанды идиштеринин толгон же толбогонунан да кабар берип турушат. Эксперттердин божомолунда, 10 жылдын ичинде өлкө кабар бергичи бар таштанды челектер менен камсыздалат.