16-мартта Бишкекте жана Ош шаарында футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын 2-тур оюндары орун алды. Бул күнү Ош шаарында өлкө чемпиону "Алай" нарындык "Ала-Тоону" кабыл алды.
SUPER.KG порталына "Алайдын" машыктыруучусу Айбек Татанов билдиргендей, А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо кызыктуу беттеш болду. Машыктыруучу "Алайдын" футболчулары өсүп жатканын, бул жыйынтык футболчулардын өз ара жакшы түшүнүшө баштаганынан улам экенин айтты.
Голдорго токтолсок, алгач "Ала-Тоонун" дарбазасына пенальти коюлуп, Алиа Силла таамай чыгуу менен эсепти ачты. Андан кийинки голду Миролим Ахмедов киргизсе, Евгений Верёвкин 2 гол жаратуу менен эсеп артыкчылыгын 4 голго жеткирди.
Бул жеңишти эсепке алганда, "алайлыктар" 2 турдун жыйынтыгында лидерликке көтөрүлүштү.